ОБАМА
ОБАМА Хусейн Барак (4. 8. 1961-жылы туулган, АКШ, Гавайи штаты, Гонолулу ш.) - америкалык саясий жана мамлекеттик ишмер; АКШнын 44-президенти (2008- жылдан). Нобель сыйл. лауреаты (2009). Атасы кениялык, энеси америкалык О. Лос-Анжелесте Ба-
тыш коллежин (1981), Колумбия университетин (1983), Гарвард университетинин юридика факультетин (1991) бүтүргөн. 1985- 88-ж. Чикагодо чиркөө коомчулугунун атынан жакыр африкалыктар чөйрөсүндө иштеген. Мында анын билим-тажрыйбасы, уюштуруучулук таланты өскөн. 1991-2004-жылы Чикаго университетинде конституциялык укук боюнча окутуучу, 1997- 2004-жылы Иллинойс штатында сенатор. Ал демократ катары республикачылар менен бирге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, салыктарды кыскартуу, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү ж. б. мамлекеттик программалар менен иштегенетикалык 2004-08-ж. АКШ конгрессинде сенатка шайланып, өзүнүн антикризистик планын бекитүүгө жетишкен. Бул план боюнча АКШнын экономикасын стабилдештирүү үчүн 787 миллиард доллар бөлүнүшү каралган. 2009-жылы сентябрда О. улуттук ракетага каршы коргонуунун элементтерин Европада жайгаштыруу боюнча Буш администрациясынын планын кайрадан карап чыгуу жагын жарыялаган. 2010-жылы мартта Обама республикачылдардын активдүү каршылыгына карабастан, саламат сактоону реформалоо боюнча закондун кабыл алынышына жетишкен. Бул боюнча 2014-жылга өлкөнүн калкынын 95% и медициналык жактан камсыздалат. 2010-жылы августтун аягында Ирактан америкалык армиянын акыркы согуштук бөлүгү чыгарылган жана О. расмий түрдө АКШнын Ирактагы согуштук миссиясынын бүтүшүн кабарлаганГ 2012-жылы АКШдагы президенттик шайлоодо О. атаандашы Митта Ромнини жеңип, экинчи жолу кайра шайланган.

