ОБАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБАМА Хусейн Барак (4. 8. 1961-жылы туулган, АКШ, Гавайи штаты, Гонолулу ш.) - америкалык саясий жана мамлекеттик ишмер; АКШнын 44-президенти (2008- жылдан). Нобель сыйл. лауреаты (2009). Ата­сы кениялык, энеси америкалык О. Лос-Анжелесте Ба-

Убари оазисиндеги Умм-аль-маа көлү.
Shape 5001

тыш коллежин (1981), Ко­лумбия университетин (1983), Гар­вард университетинин юридика факультетин (1991) бүтүргөн. 1985- 88-ж. Чикагодо чиркөө коом­чулугунун атынан жакыр африкалыктар чөйрөсүндө иштеген. Мында анын би­лим-тажрыйбасы, уюшту­руучулук таланты өскөн. 1991-2004-жылы Чикаго университетин­де конституциялык укук боюнча окутуучу, 1997- 2004-жылы Иллинойс штатында сенатор. Ал демок­рат катары республикачылар менен бирге аз кам­сыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо, салыктарды кыскартуу, мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү ж. б. мамлекеттик программалар менен иште­генетикалык 2004-08-ж. АКШ конгрессинде сенатка шай­ланып, өзүнүн антикризистик планын бекитүүгө жетишкен. Бул план боюнча АКШнын экономи­касын стабилдештирүү үчүн 787 миллиард доллар бөлүнүшү каралган. 2009-жылы сентябрда О. улут­тук ракетага каршы коргонуунун элементтерин Европада жайгаштыруу боюнча Буш администра­циясынын планын кайрадан карап чыгуу жа­гын жарыялаган. 2010-жылы мартта Обама рес­публикачылдардын активдүү каршылыгына ка­рабастан, саламат сактоону реформалоо боюнча закондун кабыл алынышына жетишкен. Бул боюнча 2014-жылга өлкөнүн калкынын 95% и медициналык жактан камсыздалат. 2010-жылы августтун аягын­да Ирактан америкалык армиянын акыркы согуштук бөлүгү чыгарылган жана О. расмий түрдө АКШ­нын Ирактагы согуштук миссиясынын бүтүшүн кабарлаганГ 2012-жылы АКШдагы президенттик шайлоодо О. атаандашы Митта Ромнини же­ңип, экинчи жолу кайра шайланган.