НУШИБИ
НУШИБИ — Түндүк Тянь-Шандагы түрк урууларынын саясий бирикмеси (6-8-к.). Н-лер тууралуу маалымат Кытай тарыхый даректеринде жолугат. Н-лердин пайда болушу, генезиси, алардын түрк уруулары менен болгон мамилеси белгисиз. Кээ бир изилдөөчүлөр [Л. Гумилевдо «(Нуши) би (мо)хэдушехуну» Нишу Канад шадга, Н. Я. Бичуринде Тунь-алэу Билиби Дулухан; Э. Шаванн (Е. Сйаүаппез) боюнча Тунь-а-лоу си-ли-би Дулу-каган]. Н-нин аталышын жол башчы же жетекчинин атына байланыштырат. Э. Шаванндын пикиринде дулу сыяктуу Н-лердин каада-салты да түрктөргө тиешелүү болуп, тил жагынан бир аз айырмаланган. Батыш Түрк кагандыгынын (603-704) мезгилинде алар Батыш Түрк кагандары Шегуй (612-18), Тун Шеху (618-30)_ж-а Сыби хан Мохэду (631-33), Нишу Дулуну (633-34) колдоп, Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болгон. Самарканд, Шаш (Ташкент), Куча, Кара-Шаар ж. б. шаарларды көзөмөлгө алуу үчүн дулулар менен араздашкан. 634- 38-ж. бийлик кылган Шаболо Хилиши хан Батыш Түрк кагандыгындагы ич ара карама-каршылыкты жоюу үчүн администрациялык реформа жүргүзүп, саясий жактан маанилүү роль ойногон урууларды «он ок будунга» бөлгөн, башкача айтканда күчтүү уруунун бири экенин белгилеп, аларга бирден жебе (ок) берген. Анын бир бөлүгүнө беш уруудан турган дулулар бирикмеси кирип, алар Чүй суусунун чыгышына, ал эми калган беш уруу Н. батышына ээ болгон. Бийликке Н-лерден Иби Дулу хан Юйгу Ше хан (638-53) келгенден кийин аны менен дулулар койгон Ышбара-Толис-шадцын (634- 39) ортосунда согуш башталган. Эки тарап тең көп чыгымга учурап, акыры Иле д-нын жээгиндеги макулдашуу боюнча дарыя чек болуп, Юкук Ирбис Дулу хан өз ордосун Цзихэ (Твои-ко) тоосунун [М. Дегин (М. Ое£ш§пез) боюнча Тараз ш-на жакын тоо] батышына көчүрүп, аны «Түндүк ордо» деп атаган жана сяоми, кыргыз (гйегу [хягас]), басмыл, бома, кыпчак, карлук (гэлолу) ж. б. уруулар анын карамагында калган. Көп өтпөй Иле д-нын чыгышындагы Ышбара-Толисшад ханга каршы козголоң чыгып, Н-лер такка Иби Шаболо Шехуну (Ирбис-Ышбара-жагбу хан) отургузушкан. Ал өз ордосун Чүй (Суй-хэ) суусунун түндүгү, Иле д-нын чыгышына көчүрүп, аны «Түштүк ордо» деп атаган жана Дешт-и Кыпчактын чыгышынан Чыгыш Түркстандагы Хамиге чейинки жерлер анын карамагына өткөн. Бирок Н. менен дулулардын чыр-чатагы күчөп, ар бири Тан династиясынан колдоо алууга умтулган. Истеми кагандын бешинчи муундагы тукуму Ашина Хелу хандын (653-57) саясий реформа жүргүзүлүп, Н-лер Асиги Кюе, Гэшу Кюе, Басайгань Дуньшибо, Асигйе Нишу, Гэшу Чубань деген беш тукумга (кыт. «сыгинь», түркчө «тегин»), дулулар Чумугунь Люй, Хулуву Кюе, Нешети Дунь, Туциши Хэлоши, Шуниши Чубань деген беш «чжого» (Л. Гумилёвдун пикиринде «граф» деген титулду түшүндүргөн, түркчө «чур») бөлүнгөн. 656-ж. кытай аскер башчысы Су Динфан Н-лерди багындыргандан кийин Батыш түрк кагандыгын 2 ээликке (Н-лерди Гуньлин, дулуларды Хаочи) 6 губернияга бөлүп, Ашина Бучжень-шадды Н-лерге хан дайындаган. Бирок кытайлар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, башкача айтканда түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. Батыш Түрк кагандыгынын жоюлушу менен Н-лер жөнүндө маалыматтар кезикпей калат. А. Н. Вернштам Н-лер менен кыргыздардын кандайдыр бир денгээлде этноген. байланышта болгон деп эсептеп, «Асиги», «Гэшу» деген аталышты кийинки «азык» (он) жана «кушчу» (сол) урууларына байланыштырган.
Ад.: Кара уулу Өмуркул. Кеөнө түрктөр-тарыхы. Б., 1994; Гумилев Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Аристов Н. X. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Оедшцпез М. Н1з1о1ге цепе- га1е бев Нипз, йез Тигсз, без Мо£о1з. Раггз, Сйег безап! & 8аШап1. 1756-58. Э. Турганбаев.