НУШИБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУШИБИ — Түндүк Тянь-Шандагы түрк уруула­рынын саясий бирикмеси (6-8-к.). Н-лер туура­луу маалымат Кытай тарыхый даректеринде жолугат. Н-лердин пайда болушу, генезиси, алардын түрк уруулары менен болгон мамилеси белгисиз. Кээ бир изилдөөчүлөр [Л. Гумилевдо «(Нуши) би (мо)хэдушехуну» Нишу Канад шад­га, Н. Я. Бичуринде Тунь-алэу Билиби Дулу­хан; Э. Шаванн (Е. Сйаүаппез) боюнча Тунь-а-лоу си-ли-би Дулу-каган]. Н-нин аталышын жол башчы же жетекчинин атына байланыштырат. Э. Шаванндын пикиринде дулу сыяктуу Н-лер­дин каада-салты да түрктөргө тиешелүү болуп, тил жагынан бир аз айырмаланган. Батыш Түрк кагандыгынын (603-704) мезгилинде алар Ба­тыш Түрк кагандары Шегуй (612-18), Тун Шеху (618-30)_ж-а Сыби хан Мохэду (631-33), Нишу Дулуну (633-34) колдоп, Улуу Жибек жолунун маанилүү түйүнү болгон. Самарканд, Шаш (Таш­кент), Куча, Кара-Шаар ж. б. шаарларды кө­зөмөлгө алуу үчүн дулулар менен араздашкан. 634- 38-ж. бийлик кылган Шаболо Хилиши хан Ба­тыш Түрк кагандыгындагы ич ара карама-кар­шылыкты жоюу үчүн администрациялык реформа жүргүзүп, саясий жактан маанилүү роль ойногон уруулар­ды «он ок будунга» бөлгөн, башкача айтканда күчтүү уруунун бири экенин белгилеп, аларга бирден жебе (ок) берген. Анын бир бөлүгүнө беш уруудан турган дулулар бирикмеси кирип, алар Чүй суусунун чыгышына, ал эми калган беш уруу Н. баты­шына ээ болгон. Бийликке Н-лерден Иби Дулу хан Юйгу Ше хан (638-53) келгенден кийин аны менен дулулар койгон Ышбара-Толис-шадцын (634- 39) ортосунда согуш башталган. Эки тарап тең көп чыгымга учурап, акыры Иле д-нын жээгин­деги макулдашуу боюнча дарыя чек болуп, Юкук Ирбис Дулу хан өз ордосун Цзихэ (Твои-ко) тоо­сунун [М. Дегин (М. Ое£ш§пез) боюнча Тараз ш-на жакын тоо] батышына көчүрүп, аны «Түндүк ордо» деп атаган жана сяоми, кыргыз (гйегу [хя­гас]), басмыл, бома, кыпчак, карлук (гэлолу) ж. б. уруулар анын карамагында калган. Көп өтпөй Иле д-нын чыгышындагы Ышбара-Толис­шад ханга каршы козголоң чыгып, Н-лер так­ка Иби Шаболо Шехуну (Ирбис-Ышбара-жагбу хан) отургузушкан. Ал өз ордосун Чүй (Суй-хэ) суусунун түндүгү, Иле д-нын чыгышына көчүрүп, аны «Түштүк ордо» деп атаган жана Дешт-и Кып­чактын чыгышынан Чыгыш Түркстандагы Ха­миге чейинки жерлер анын карамагына өткөн. Бирок Н. менен дулулардын чыр-чатагы күчөп, ар бири Тан династиясынан колдоо алууга умтул­ган. Истеми кагандын бешинчи муундагы ту­куму Ашина Хелу хандын (653-57) саясий ре­форма жүргүзүлүп, Н-лер Асиги Кюе, Гэшу Кюе, Басайгань Дуньшибо, Асигйе Нишу, Гэшу Чу­бань деген беш тукумга (кыт. «сыгинь», түркчө «тегин»), дулулар Чумугунь Люй, Хулуву Кюе, Нешети Дунь, Туциши Хэлоши, Шуниши Чу­бань деген беш «чжого» (Л. Гумилёвдун пики­ринде «граф» деген титулду түшүндүргөн, түркчө «чур») бөлүнгөн. 656-ж. кытай аскер башчысы Су Динфан Н-лерди багындыргандан кийин Ба­тыш түрк кагандыгын 2 ээликке (Н-лерди Гунь­лин, дулуларды Хаочи) 6 губернияга бөлүп, Ашина Бучжень-шадды Н-лерге хан дайында­ган. Бирок кытайлар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, башкача айтканда түрктөр өз алдынча саясат жүр­гүзүүнү уланта берген. Батыш Түрк кагандыгы­нын жоюлушу менен Н-лер жөнүндө маалыматтар кезикпей калат. А. Н. Вернштам Н-лер менен кыр­гыздардын кандайдыр бир денгээлде этноген. байланышта болгон деп эсептеп, «Асиги», «Гэ­шу» деген аталышты кийинки «азык» (он) жана «кушчу» (сол) урууларына байланыштырган.

Ад.: Кара уулу Өмуркул. Кеөнө түрктөр-тарыхы. Б., 1994; Гумилев Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о наро­дах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Аристов Н. X. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Оедшцпез М. Н1з1о1ге цепе- га1е бев Нипз, йез Тигсз, без Мо£о1з. Раггз, Сйег безап! & 8аШап1. 1756-58. Э. Турганбаев.