НУР ООРУСУ
НУР ООРУСУ — иондоштуруучу нурлардын организмге тийгизген таасиринен пайда болгон оору. Катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган Н. о. иондоштуруучу нурлардын чоң дозасы бир жолу же бир нече ирет таасир эткенде, согушта атом куралын колдонгондо, тынчтык мезгилде атом ө. ж-нда, илимий из. йекемелериндеги авариядан пайда болушу мүмкүн. Ө н ө к ө т түрү ө. ж-да, медициналык жана илимий из. мекемелерде коопсуздук техникасынын эрежелерин бузуунун натыйжасында узак убакыт радиоактивдүү нурлардын аз дозада таасир этүүсүнөн келип чыгат. Мында организмдин бардык органдары менен системалары жабыркайт. Н. о-нун жалпы клиникалык белгилери тийген нурдун суммалык дозасына, мүнөзүнө жараша болот. Н. о-нун жүрүшү 4 мезгилге (алгачкы реакциялар, жашыруун мезгил, оорунун күчөшү жана аягы же айыгышы) бөлүнөт. Нур таасир эткенде бир нече мин же стан кийин алгачкы реакциялар (окшуу, кусуу, алсыздануу, тамакка табити тартпоо, баш айлануу ж. б.) пайда болот. 3-4 суткадан кийин ал белгилер басаңдап, жашыруун мезгилге өтөт. Анда оорулуунун жалпы абалы оңолот, бирок оору күчөйт жана бир нече убакыттан кийин (2-3 жума) үчүнчү мезгилге өтөт. Н. о. канчалык катуу кармаса, жашыруун мезгилдин мөөнөтү ошончолук аз. Бул мезгилде оорулуунун жалпы абалы начарлап, алы кетип, дененин ар кайсы жерине кан
куюлат, денеси ысыйт. Кан пайда кылуучу органдар жабыркап, кандагы лейкоциттер бир аз көбөйөт да, кайра кескин төмөндөйт, ал сепсистин пайда болушуна түрткү берет. Бул мезгил 2-3 жумага созулат. Н. о. менен жабыркаган оорулууну өз убагында дарыласа акырындык менен айыга баштайт; оорулуунун жалпы абалы оңолуп, борбордук нерв системасынын функциясынын бузулуулары жоголот, кандын курамы калыбына келет. Катуу кармаган Н. о. менен ооруп айыккандардын кээ биринде ал кетүү, тез чарчоо, баш оору, аз кандуулук ж. б. байкалат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Нурдун чоң дозасы организмге тийгенде оору абдан катуу кармайт. Анда ичеги-карын жабыркап, ич өтүп, организмде суу, туз алмашуу, кан айлануу бузулатынча Н. о-нун бул түрүндө киши биринчи суткаларда эле өлөт. Н. о-нун өтүшү жана организмдеги бузулуулар организмдин жеке жана жашка карай сезгичтигине жараша болот. Балдар менен улгайгандар нурдун таасирине туруксуз келгендиктен, алар нурдун аз эле таасиринен катуу жабыркашы мүмкүн. Түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде организмдин ткандары радиацияга өзгөчө сезгич келет, ошондуктан кош бойлууларды аз дозада да нур менен дарылоо жүргүзүлбөйт. Н. о-нун кийин пайда болгон кабылдоолорунан аялдарда тукумсуздук, эркектерде сперматозиоддердин жоюлушу байкалат. Бул өзгөрүүлөр көбүнчө убактылуу болот. Бир нече ай же жылдан кийин чечекей тунарып, нур катарактасы болушу мүмкүн. Кээде катуу кармаган Н. о-нан кийин зыяндуу шишиктер, лейкоздор, тубаса оорулар, тукум куума оорулар пайда болот.