НУР ООРУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУР ООРУСУ — иондоштуруучу нурлардын ор­ганизмге тийгизген таасиринен пайда болгон оору. Катуу кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган Н. о. иондоштуруучу нурлардын чоң дозасы бир жолу же бир нече ирет таасир эткенде, согушта атом куралын кол­донгондо, тынчтык мезгилде атом ө. ж-нда, илимий из. йекемелериндеги авариядан пайда болушу мүмкүн. Ө н ө к ө т түрү ө. ж-да, медициналык жана илимий из. мекемелерде коопсуздук техникасынын эре­желерин бузуунун натыйжасында узак убакыт радиоактивдүү нурлардын аз дозада таасир этүүсүнөн келип чыгат. Мында организмдин бардык органдары менен системалары жабыркайт. Н. о-нун жалпы клиникалык белгилери тийген нурдун суммалык дозасына, мүнөзүнө жараша болот. Н. о-нун жүрүшү 4 мезгилге (алгачкы реакциялар, жашыруун мезгил, оорунун күчөшү жана аягы же айыгышы) бөлүнөт. Нур таасир эткенде бир нече мин же стан кийин алгачкы реакциялар (окшуу, кусуу, алсыздануу, тамак­ка табити тартпоо, баш айлануу ж. б.) пайда болот. 3-4 суткадан кийин ал белгилер басаң­дап, жашыруун мезгилге өтөт. Анда оорулуу­нун жалпы абалы оңолот, бирок оору күчөйт жана бир нече убакыттан кийин (2-3 жума) үчүнчү мезгилге өтөт. Н. о. канчалык катуу кармаса, жашыруун мезгилдин мөөнөтү ошончолук аз. Бул мезгилде оорулуунун жалпы абалы начар­лап, алы кетип, дененин ар кайсы жерине кан

куюлат, денеси ысыйт. Кан пайда кылуучу ор­гандар жабыркап, кандагы лейкоциттер бир аз көбөйөт да, кайра кескин төмөндөйт, ал сепсис­тин пайда болушуна түрткү берет. Бул мезгил 2-3 жумага созулат. Н. о. менен жабыркаган оору­лууну өз убагында дарыласа акырындык менен айыга баштайт; оорулуунун жалпы абалы оңо­луп, борбордук нерв системасынын функциясынын бузулуулары жоголот, кандын курамы ка­лыбына келет. Катуу кармаган Н. о. менен ооруп айыккандардын кээ биринде ал кетүү, тез чар­чоо, баш оору, аз кандуулук ж. б. байкалат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Нурдун чоң дозасы организмге тийгенде оору абдан катуу кармайт. Анда ичеги-карын жабыркап, ич өтүп, организмде суу, туз алмашуу, кан айлануу бузу­латынча Н. о-нун бул түрүндө киши биринчи сутка­ларда эле өлөт. Н. о-нун өтүшү жана организмде­ги бузулуулар организмдин жеке жана жашка карай сезгичтигине жараша болот. Балдар менен улгайгандар нурдун таасирине туруксуз келген­диктен, алар нурдун аз эле таасиринен катуу жабыркашы мүмкүн. Түйүлдүктүн өөрчүү мез­гилинде организмдин ткандары радиацияга өз­гөчө сезгич келет, ошондуктан кош бойлуулар­ды аз дозада да нур менен дарылоо жүргүзүлбөйт. Н. о-нун кийин пайда болгон кабылдоолорунан аялдарда тукумсуздук, эркектерде спермато­зиоддердин жоюлушу байкалат. Бул өзгөрүүлөр көбүнчө убактылуу болот. Бир нече ай же жыл­дан кийин чечекей тунарып, нур катарактасы болушу мүмкүн. Кээде катуу кармаган Н. о-нан кийин зыяндуу шишиктер, лейкоздор, тубаса оорулар, тукум куума оорулар пайда болот.