НОКДАУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОКДАУН (англ. knock-down) — боксёрдун муш­тум жегенден кийин кармаша албай калган аба­лы. 10 секга чейин мелдешти улантса, Н. эсеп­телинип, аны муштаган каршылашына бир упай жазылат. Н-дан кийин жыгылбастан, убак­тылуу мушташуудан чыгып калса, «грогги» аба­лында деп айтылат. Кээде боксёр көп жолу сок­ку алып, эки үч жолу катары менен Н. же грогги абалына учураса, анын жандоочусу же машык­тыргычы сүлгүнү ыргытып жиберип, спортчуну нокауттан сактап калат.