НОКДАУН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НОКДАУН (англ. knock-down) — боксёрдун муштум жегенден кийин кармаша албай калган абалы. 10 секга чейин мелдешти улантса, Н. эсептелинип, аны муштаган каршылашына бир упай жазылат. Н-дан кийин жыгылбастан, убактылуу мушташуудан чыгып калса, «грогги» абалында деп айтылат. Кээде боксёр көп жолу сокку алып, эки үч жолу катары менен Н. же грогги абалына учураса, анын жандоочусу же машыктыргычы сүлгүнү ыргытып жиберип, спортчуну нокауттан сактап калат.