НИКОЛАЙI
НИКОЛАЙI, Николай Павлович Ром а н о в [25. 6 (6. 7). 1796, Царское Село, азыркы Пушкин ш. - 18. 2 (2. 3). 1855, Петербург] - Россия императору (1825-55), император Павел 1нин үчүнчү уулу. Агасы Александр I капыстан каза болгондон кийин такка отуруп, декабристтердин көтөрүлүшүн аёосуз басуу менен каардуу бийлигин баштаган. Мамлекеттик башкарууну борборлоштуруп, армияны чындаган. Революциячыл кыймыл менен алдыңкы маданиятка каршы күрөшүүдө жашыруун саясий полиция («Үчүнчү бөлүм») кызматына таянган. 1826-жылы 6-декабрда мыйзам чыгаруу органынын ордуна Комитет түзгөн. Н. 1нин учурунда 1835-жылы чеййн иштеп келген.

бардык мыйзам чыгаруу актылардын кодекси - «Россия империясынын мыйзамдар жыйнагы» түзүлгөн. Билим берүү системасында дворяндарга көбүрөөк жеңилдиктер берилген («Гимназиялык устав», 1828; «Императордук россиялык университеттердин жалпы уставы», 1835). Реакциячыл реформалар жүргүзүлгөн, прогрессчил журналдарды жаап, цензураны күчөткөн. Анын катаал тартибинен А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Щевченко, Анын Ичинде Герцен, Н. П. Огарёв, Н. А. Полевой, Н. И. Надеждин, П. Я. Чаадаев ж. б. демокр, маанайдагы инсандар жапа чеккен. Петрашевчилердин революциялык уюмдары, Кирилл-Мефодий коому ж. б. уюмдар жоюлган. Н. I улуттук кыймылдарды (Кавказдагы Шамилдин кыймылы, 1830-31-ж. поляктардын көтөрүлүшү) катуу басып, башка элдерди күч менен орус тилинде сүйлөттүрүп, христиан динин кабыл алууга мажбурлаган. Н. I Россия империясынын экономикасын өнүктүрүү максатында мануфактуралык жана коммерциялык кеңештерди түзүп, ө. ж. көргөзмөлөрүн уюштуруп, техникалык окуу жайларды ачкан. Европадагы революциялык кыймыл менен күрөшүү үчүн 1833-жылы Австрия императору жана Пруссиянын королу менен Ыйык союз түзүп, «Европа жандармынын» ролун аткарган. Бул союздун принциптерин иш жүзүнө ашырып, Франция менен дипломатиялык мамилелерди жоюп, Дунай княздыктарына кирүүгө аракеттенип, Венгриядагы революцияны (1848-49) баскан. Н. I Орто Азия менен Казакстанды басып алуу саясатын жүргүзгөн. Крым согушунда (1853-56) Россиянын жеңилиши Н. 1нин бүтүндөй саясий системасын ураткан.