НИКОЛАЙI

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКОЛАЙI, Николай Павлович Ро­м а н о в [25. 6 (6. 7). 1796, Царское Село, азыр­кы Пушкин ш. - 18. 2 (2. 3). 1855, Петербург] - Россия императору (1825-55), император Павел 1нин үчүнчү уулу. Агасы Александр I капыстан каза болгондон кийин такка отуруп, декабрис­ттердин көтөрүлүшүн аёосуз басуу менен каардуу бийлигин баштаган. Мамлекеттик башкарууну борбор­лоштуруп, армияны чындаган. Революциячыл кый­мыл менен алдыңкы маданиятка каршы күрөшүүдө жашыруун саясий полиция («Үчүнчү бөлүм») кызматына таянган. 1826-жылы 6-декабрда мый­зам чыгаруу органынын ордуна Комитет түзгөн. Н. 1нин учурунда 1835-жылы чеййн иштеп келген.

бардык мыйзам чыгаруу актылар­дын кодекси - «Россия империя­сынын мыйзамдар жыйнагы» түзүл­гөн. Билим берүү системасында дво­ряндарга көбүрөөк жеңилдиктер бе­рилген («Гимна­зиялык устав», 1828; «Император­дук россиялык университеттер­дин жалпы уста­вы», 1835). Реакциячыл реформалар жүргү­зүлгөн, прогрессчил журналдарды жаап, цен­зураны күчөткөн. Анын катаал тартибинен А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Щевчен­ко, Анын Ичинде Герцен, Н. П. Огарёв, Н. А. Полевой, Н. И. Надеждин, П. Я. Чаадаев ж. б. демокр, маанайдагы инсандар жапа чеккен. Петрашев­чилердин революциялык уюмдары, Кирилл-Мефодий коому ж. б. уюмдар жоюлган. Н. I улуттук кый­мылдарды (Кавказдагы Шамилдин кыймылы, 1830-31-ж. поляктардын көтөрүлүшү) катуу ба­сып, башка элдерди күч менен орус тилинде сүй­лөттүрүп, христиан динин кабыл алууга маж­бурлаган. Н. I Россия империясынын экономи­касын өнүктүрүү максатында мануфактуралык жана коммерциялык кеңештерди түзүп, ө. ж. көргөзмөлөрүн уюштуруп, техникалык окуу жайларды ачкан. Европадагы революциялык кыймыл менен кү­рөшүү үчүн 1833-жылы Австрия императору жана Пруссиянын королу менен Ыйык союз түзүп, «Ев­ропа жандармынын» ролун аткарган. Бул союз­дун принциптерин иш жүзүнө ашырып, Фран­ция менен дипломатиялык мамилелерди жоюп, Дунай княз­дыктарына кирүүгө аракеттенип, Венгриядагы революцияны (1848-49) баскан. Н. I Орто Азия менен Казакстанды басып алуу саясатын жүргүзгөн. Крым согушунда (1853-56) Россиянын жеңи­лиши Н. 1нин бүтүндөй саясий системасын ураткан.