НЕФРОЛОГИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕФРОЛОГИЯ (грекче перЬгбз - бөйрөк жана ...логия) — медицинанын бөйрөктүн түзүлүшүн, функциясын, анын ооруларынын пайда болуу себептерин, өрчүү механизмин изилдөөчү жана аны дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүгү. Ал урология жана трансплантация хирургиясы менен тыгыз байланышта. Н. 20- к-дын 2-жарымында кыйла ийгиликтерге жетишкен. Бөйрөк ишинин начарлашында адам өмүрүн сактап калуунун бирден бир жолу гемодиализ, бөйрөктү алмаштыруу, диета болуп эсептелет.