НЕФРОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФРОЛОГИЯ (грекче перЬгбз - бөйрөк жана ...ло­гия) — медицинанын бөйрөктүн түзүлүшүн, функциясын, анын ооруларынын пайда болуу себептерин, өрчүү механизмин изилдөөчү жана аны дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүгү. Ал урология жана транспланта­ция хирургиясы менен тыгыз байланышта. Н. 20- к-дын 2-жарымында кыйла ийгиликтерге же­тишкен. Бөйрөк ишинин начарлашында адам өмүрүн сактап калуунун бирден бир жолу гемо­диализ, бөйрөктү алмаштыруу, диета болуп эсептелет.