НЕГИЗГИ КАРАЖАТТЫ ЭСЕПТӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕГИЗГИ КАРАЖАТТЫ ЭСЕПТӨӨ - колдогу жана иштеги негизги каражатты, анын эскирге­нин, ондолгонун эсепке алуу. Н. к. э. жолу анын өндүрүштө иштөө өзгөчөлүгү, өз формасын өзгөртпөй эскириши менен аныкталат. Н. к. э-нүн башкы участкасы оперативдүү эсеп, негизги ка­ражаттын убакыт жана кубаты боюнча пайдаланы­шы болуп саналат. Амортизацияга чегерилген маалымат амортизация фондунун пассив бөлүгү аркылуу такталат.