НЕГИЗГИ КАРАЖАТТЫ ЭСЕПТӨӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НЕГИЗГИ КАРАЖАТТЫ ЭСЕПТӨӨ - колдогу жана иштеги негизги каражатты, анын эскиргенин, ондолгонун эсепке алуу. Н. к. э. жолу анын өндүрүштө иштөө өзгөчөлүгү, өз формасын өзгөртпөй эскириши менен аныкталат. Н. к. э-нүн башкы участкасы оперативдүү эсеп, негизги каражаттын убакыт жана кубаты боюнча пайдаланышы болуп саналат. Амортизацияга чегерилген маалымат амортизация фондунун пассив бөлүгү аркылуу такталат.