НЕВСКИЙ
НЕВСКИЙ Николай Александрович (18. 2. 1892, Ярославль - 14. 2. 1945, Ленинград) - орус тилчиси, чыгыш изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, проф. (1992). 1909-ж. Рыбин атындагы гимназияны, кийин 1914-ж. Санкт-Петербург университетин бүтүргөн. Ошол эле университетте оку- ТУУЧУ ж’а кытай, япон менеталарын карап чыгуу үчүн Мамлекеттик эрмитаждын

нумизматика бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенген. Бир жылдан кийин Япониядагы синтоизм менен иштеп, байыркы япон адабиятынын эстеликтерин, ошондой эле этнографияны, тилди, диалектологияны жана айндардын фольклорун изилдеген. 1922-29-ж. чейин Осакодогу чет тилдер институтунда, ошол эле учурда Киото университетинде орус жана айн тилдери боюнча окутуучу болгон. Жергиликтүү говорлорду, жомок, легендаларды жыйнаган. Иштеле элек илимий темаларды, мисалы, тангут тили жана жазуусун изилдегенетикалык Тангут мамлекети (982-1227) жана тангут жазуусу жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүп, тангут жазуусунун ачкычын таап, тангут таануу илиминин өзүнчө тармак болушуна чон салым кошкон. 1929-ж. Н. Ленинграддагы Хара-Хотодон табылган тангут коллекциясын изилдеген. 1935-ж. «Тангут жазуусу жана анын фондулары» деген илимий эмгегин жазган. 1960-ж. Тангут сөздүгү чыгарылып, ал эми 1962-ж. «Тангут филологиясы» аттуу 2 томдук эмгеги үчүн Лениндик сыйлык ыйгарылган.
Ац.: Кычанов Е. И. Звучат лишь лисьмена. М., 1965. Ч. Жумагулов.