НЕВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВСКИЙ Николай Александрович (18. 2. 1892, Ярославль - 14. 2. 1945, Ленинград) - орус тил­чиси, чыгыш изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, проф. (1992). 1909-ж. Рыбин атындагы гим­назияны, кийин 1914-ж. Санкт-Петербург университетин бү­түргөн. Ошол эле университетте оку- ТУУЧУ ж’а кытай, япон ме­неталарын карап чыгуу үчүн Мамлекеттик эрмитаждын

нумиз­матика бөлүмүндө илимий кыз­маткер болуп эмгектенген. Бир жылдан кийин Япония­дагы синтоизм менен иштеп, байыркы япон адабиятынын эстеликтерин, ошондой эле этногра­фияны, тилди, диалектологияны жана айндар­дын фольклорун изилдеген. 1922-29-ж. чейин Осакодогу чет тилдер институтунда, ошол эле учур­да Киото университетинде орус жана айн тилдери боюнча окутуучу болгон. Жергиликтүү говорлорду, жомок, ле­гендаларды жыйнаган. Иштеле элек илимий тема­ларды, мисалы, тангут тили жана жазуусун изилде­генетикалык Тангут мамлекети (982-1227) жана тангут жазуусу жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүп, тангут жазуусунун ачкычын таап, тангут таануу илими­нин өзүнчө тармак болушуна чон салым кош­кон. 1929-ж. Н. Ленинграддагы Хара-Хотодон табылган тангут коллекциясын изилдеген. 1935-ж. «Тангут жазуусу жана анын фондула­ры» деген илимий эмгегин жазган. 1960-ж. Тангут сөздүгү чыгарылып, ал эми 1962-ж. «Тангут филологиясы» аттуу 2 томдук эмгеги үчүн Ле­ниндик сыйлык ыйгарылган.

Ац.: Кычанов Е. И. Звучат лишь лисьмена. М., 1965. Ч. Жумагулов.