НАЙМАН ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЙМАН ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Улуу-Тоо кенташ аймагынын түштүгүндө. 1989-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспе­дициясы чалгындаган. Кендин аймагы калың­дыгы 2-15 м болгон, саргыч түстөгү кумайлуу чопо катмарынан түзүлгөн. Кумайлуу чопо­дон «100» маркасындагы кыш алууга болот.

Запасы В - категориясы боюнча 329 миң м3, С - 1016 миң Л43, В+Сх— 345 миң лг3.

НАЙМАНОВА Чолпон Капаровна (10. 4. 1960- жылы туулган, азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Покровка айылы) - педагог, доцент (2005), педагогика илимдеринин доктору (2007), проф. (2011). КМУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1982). И. Арабаев атындагы КМПУнун англис тили кафедрасында оку­туучу (1982-92; 1995-96; 1999-2002), Ж. Бала­сагын атындагы КУУда кафедра башчысы (1996-99; 2002-07), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доцен­ти (2007-08), бөлүм башчы (2008-жылдан). 70тен ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери жал­пы жана салыштырма типологиянын актуалдуу маселелерине арналган.