НАЙМАН ЧОПО КЕНИ
НАЙМАН ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нунда, Улуу-Тоо кенташ аймагынын түштүгүндө. 1989-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кендин аймагы калыңдыгы 2-15 м болгон, саргыч түстөгү кумайлуу чопо катмарынан түзүлгөн. Кумайлуу чоподон «100» маркасындагы кыш алууга болот.
Запасы В - категориясы боюнча 329 миң м3, С - 1016 миң Л43, В+Сх— 345 миң лг3.
НАЙМАНОВА Чолпон Капаровна (10. 4. 1960- жылы туулган, азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Покровка айылы) - педагог, доцент (2005), педагогика илимдеринин доктору (2007), проф. (2011). КМУнун чет тилдер факультетин бүтүргөн (1982). И. Арабаев атындагы КМПУнун англис тили кафедрасында окутуучу (1982-92; 1995-96; 1999-2002), Ж. Баласагын атындагы КУУда кафедра башчысы (1996-99; 2002-07), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти (2007-08), бөлүм башчы (2008-жылдан). 70тен ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери жалпы жана салыштырма типологиянын актуалдуу маселелерине арналган.