НАЗИРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАЗИРА (арабча - окшош нерсе) - Чыгыш адабиятында кеңири тараган жанр. Мында акын өзүнөн мурда өткөн же замандаш акындардын чыгармаларына окшотуп же ошолорго жооп кылып чыгармалар жазган. Мындай чыгармаларда автор белгилүү бир акындын чыгармачылыгына жакындашып, өзүнүн темасын байытып, жаңы проблемаларды жана идеяларды жаратууга аракеттенгенетикалык Мисалы, Низаминин «Искендер нааме» поэмасы, Фирдоусинин «Шах нааме» дастаны, А. Навоинин «Лайли-Мажнун» поэмасы араб оозеки адабиятындагы чыгармаларга Н. катары жазылган. Мындай чыгармачылык көрүнүш кыргыз адабиятында да учурайт (мисалы, акындар поэзиясындагы акыр заман, аккан суу темалары, К. Мамбетакуновдун 12-к-дагы кытай повестинин негизинде жазган «Гүлпери» дастаны ж. б.).