НАЗИРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗИРА (арабча - окшош нерсе) - Чыгыш адабиятын­да кеңири тараган жанр. Мында акын өзүнөн мурда өткөн же замандаш акындардын чыгар­маларына окшотуп же ошолорго жооп кылып чыгармалар жазган. Мындай чыгармаларда ав­тор белгилүү бир акындын чыгармачылыгына жакын­дашып, өзүнүн темасын байытып, жаңы проб­лемаларды жана идеяларды жаратууга аракеттен­генетикалык Мисалы, Низаминин «Искендер нааме» поэ­масы, Фирдоусинин «Шах нааме» дастаны, А. Навоинин «Лайли-Мажнун» поэмасы араб оозеки адабиятындагы чыгармаларга Н. катары жазылган. Мындай чыгармачылык көрүнүш кыргыз адабиятында да учурайт (мисалы, акындар поэзиясын­дагы акыр заман, аккан суу темалары, К. Мам­бетакуновдун 12-к-дагы кытай повестинин не­гизинде жазган «Гүлпери» дастаны ж. б.).