НАВИГАЦИЯ
НАВИГАЦИЯ (латынча navigatio - кемеде сүзүп жүрөм) - 1) деңизде сүзүү, кеме менен жүрүүчүлүк; 2) жергиликтүү аба ырайынын шартына жараша кеме менен жүрүүгө мүмкүн болгон жыл мезгили; 3) кеме башкаруунун теориялык негизин, практикалык ыктарын иштеп чыгуучу кеме башкаруу илиминин бөлүмү; 4) аэронавигация - учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, ракета ж. б.) айдоо, учуруу, башкаруу методу жана каражаттары жөнүндөгү илим. Деңиз Н-сы эзелтен белгилүү. Азыркы деңиз Н-сынын мил-деттери: кеменин коопсуз жана ыңгайлуу жолун тандоо, Н-лык аспаптар жана приборлор менен анын жүрүү багытын, ордун, басып өткөн жолунун узундугун аныктоо; сырткы таасирлерге жараша кеменин жүрүү багытынын өзгөрүшүн эсепке алуу; кеме башкаруунун ыңгайлуу картогр. проекцияларын изилдөө, тандоо жана аларга карата аналитикалык жана графикалык ыкмалар менен Н. маселелерин чечүү. Н-нын төмөнкү түрлөрү бар: автомобиль Н-сы, асир Н., бионавигация, аба Н-сы, инерциялык Н., маалымат Н-сы, космостун Н-сы, деңиз Н-сы, радионавигация, спутник Н-сы, жер астындагы Н-да радиоэлектрондук түзүлүш-навигатор (Н-лык жабдык) пайдаланылат.
