НАВИГАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАВИГАЦИЯ (латынча navigatio - кемеде сүзүп жүрөм) - 1) деңизде сүзүү, кеме менен жүрүүчүлүк; 2) жергиликтүү аба ырайынын шартына жараша кеме менен жүрүүгө мүмкүн болгон жыл мезгили; 3) кеме башкаруунун теориялык негизин, практикалык ык­тарын иштеп чы­гуучу кеме башка­руу илиминин бө­лүмү; 4) аэронави­гация - учуучу ап­параттарды (само­лёт, вертолёт, ракета ж. б.) ай­доо, учуруу, баш­каруу методу жана каражаттары жөнүндөгү илим. Де­ңиз Н-сы эзелтен белгилүү. Азыркы деңиз Н-сынын мил-деттери: кеменин коопсуз жана ың­гайлуу жолун тандоо, Н-лык аспаптар жана при­борлор менен анын жүрүү багытын, ордун, басып өткөн жолунун узундугун аныктоо; сырткы таа­сирлерге жараша кеменин жүрүү багытынын өзгөрүшүн эсепке алуу; кеме башкаруунун ың­гайлуу картогр. проекцияларын изилдөө, тан­доо жана аларга карата аналитикалык жана гра­фикалык ыкмалар менен Н. маселелерин чечүү. Н-нын төмөнкү түрлөрү бар: автомобиль Н-сы, асир Н., бионавигация, аба Н-сы, инерциялык Н., маалымат Н-сы, космостун Н-сы, деңиз Н-сы, радионавигация, спутник Н-сы, жер ас­тындагы Н-да радиоэлектрондук түзүлүш-нави­гатор (Н-лык жабдык) пайдаланылат.

Автомобиль навигатору (Рго- 1о§у 1Мар-580ТК)/