МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗЫКАЛЫК АТКАРУУ - көркөм чыгармачылыктын түрү; музыканы ырчынын үнү же музыкалык аспап менен аткаруу. Нотага түшкөн музыкалык чыгарма музыкалык аткаруу аркылуу угуучуга жетет. Ошондуктан композитор менен угуучунун ортосунда аткаруучунун болушу зарыл. Музыкалык аткаруунун түрү: вокалдык (ыр), аспаптык (музыкалык аспаптарда ойноо) жана аралаш аткаруу (вокалдык-аспаптык). Аткаруучулардын санына жараша музыкалык аткаруу жеке (соло), камералык-ансамблдик (трио, квартет, квинтет жана башкалар), симфониялык, хордук болуп бөлүнөт. Музыкалык аткаруунун эң татаалы - опера. Операда ырчы-актёр, хор жана оркестр катышат. Музыкалык чыгарманын таасирдүүлүгү аткаруучунун чеберчилигине байланыштуу болот.