МАКЕДОНДУКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКЕДОНДУКТАР - түштүк славян элдери; Ма­кедония Респ-нын негизги калкы. Жалпы саны 2-2,5 миллион киши, анын ичинде Македонияда 1 297 981 (2009). 0. эле Грекия, Албания, Сербия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Македон тилинде сүй­лөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү - пра­вославныйлар, мусулмандар да бар. М-дын эт­ностук негизин славян уруулары түзгөн. М. арий­лик, чыгыш жер ортолук деңиздик (минойлук), түштүк ероп. жана африка­лык-азиялык гаплотоп­тордон турат. М. дыйкан­чылык жана мал чарбачы­лык менен

кесиптенишет. Улуттук кийимдери - аялдары туника сымал тик жакалуу саймаланган көйнөк, алды туюк тигилген жеңсиз же кыска жеңдүү жука кемсел, сыртынан желет, алжап­кыч, башына жоолугу.менен кошо топу кийип, кооздуктарды тагынышат. Эркектери көйнөк, ыштан, ак кемсел кийип, кур курчанат. Негиз­ги тамак-ашы - дан, эт, сүт жана жашылчалар.