ЛИМА
ЛИМА - Перу Респ-нын борбору. Лима департаментинин администрациялык борбору. Тынч океандын жээгинде, Римак дарыясынын боюнда, Анд тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 7,4 миллион (2010; шаар айланасы менен борбордук агломерациясын түзөт; калкы 8,3 миллион). Өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий башкы шаары. Лима аркылуу Панамерика шоссе жолу өтөт. Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Жогорку ылдамдыктагы автобус системасы түзүлүүдө. 1535-жылы испандар тарабынан негизделип, алгач Сьюдад-де-лос-Рейес («королдор шаары») деп аталган.
1821-жылга чейин Перу вице-королдугунун, 1821-жылдын 28-июлунан Перу Республикасынын борбору. Машина куруу, тамак-аш (балык кармалып, беленделет), текстиль, нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металл иштетүү, түстүү металлургия, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Фармацевтика (350дөн ашык тармактык ишканалары бар) өнүккөн. Лимада алдыңкы улуттук банктардын, компаниялардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, музейлер (анын ичинде археология, Перу искусствосунун маданияты, улуттук антропология, этнография жана башкалар), китепканалар, театрлар, улуттук консерватория, симфониялык оркестр, ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (XVI-XVIII кылымдар) бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркалар, бизнес-конференциялар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп турат.
