ЛИ Владимир Владимирович
(1920, Россия, Приморье крайы, Хасан р-ну, Адиминск айылы - 1983, Бишкек) - зоотехник, биология илимдеринин доктору (1965), проф. (1965). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. зоотехниги (1976), Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (1980). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1949). 1966-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария ИИИде бөлүм башчысы, 1967- жылдан директордун орун басары. 1976-жылдан Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин генералдык директорунун орун басары болуп иштеген. Малдын жана канаттуулардын тамак сиңирүүсү жана аларды тоюттандыруунун физиологиясы, кыргыз уяң жүндүү коюнун айрым өзгөчөлүктөрүн изилдеген. 250дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Производство баранины и шерсти на промышленной основе. Ф., 1979.