ЛЕНИН МАВЗОЛЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕНИН МАВЗОЛЕЙИ - Владимир Ильич Лениндин табыт­тагы сөөгү (1924-жыл, 27-январь) коюлган эстелик күмбөз. Кызыл аянтта жайгашкан. 1924-жылы 26-январда Советтердин 2-съездинин аза күтүү жыйынында мавзолей куруу жөнүндө Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун Борбордук аткаруу комитетинин чечиминде бекитилип, 27-январга караган түнү убактылуу жыгач мавзолей (долбоору архитектор А. В. Щусевдики) тургузулган да, 1-августта көпчүлүк үчүн ачылган. 1929-жылы жол башчынын сөөгүн узакка сактоо мүмкүн экендиги анык­талып, жыгач мавзолейди таш менен (архитекторлор Щу­сев, И. А. Француз, Г. К. Яковлев) алмашты­рууга чечим кабыл алынган. Ленин мавзолейин курууга

Кызыл аянттагы Лениндин мавзолейи. 1924-1930. Архитектор А. В. Щусев. Москва.

мрамор, гранит, лабрадорит жана габронорит колдонулган. Салмагы 60 т чулу лабрадорго «ЛЕНИН» деп жазылган. Ленин мавзолейи 1931-жылы куру­луп бүткөн. Мавзолейдин эки жагына трибуна (архитектор И. А. Француз) тургузулган. 1945-жылы борбордук трибуна (А. В. Щусев) курулуп, 1973-жылы жаңы табыт (скульптор Н. В. Томский) жасалган. 1990-жылга чейин Ленин мавзолейи мамлекеттик салтанаттарда (де­монстрация, митинг, аскер парады жана башкалар) өк­мөт трибунасынын милдетин аткарган. 1924-жылы 26-январда Москва гарнизонунун начальниги­нин буйругу менен Ленин мавзолейине Ардактуу кароол уюш­турулуп, Советтик Социалисттик Республикалар Союзу кулагандан кийин алынып

са­лынган (1993). Азыркы учурда да каалагандар Ленинди көрө алышат.