КОТИРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТИРО́ВКА (фр. coter – номерлөө, эн салуу) – биржада же рынокто чет элдик валютанын, баалуу кагаздын курсун же товардын баасын коюу. Котировка актив түрүнө карата валютанын ал­маштыруу курсун, баалуу кагаздардын наркын, кредит үчүн проценттик үстөгүн, товар же сырьё наркын негиздейт. Котировка биржаларда атайын ко­тировкалоо комиссиясы тарабынан катталып, биржа сес­сиясынын ачылуу-жабылуу нарктары, ошондой эле күн­дүн максималдуу ж-а минималдуу наркы анык­талат. Котировка соодалашуудагы түзүлгөн конъюнк­тураны, сунуш ж-а талап катышын чагылтат. Валюта рыногунда түз ж-а кыйыр котировка болуп ай­ырмаланат. Түз валюта котировкасында чет элдик ва­люта бирдиги улуттук м-н, кыйырында улут­тук – чет элдик м-н көрсөтүлөт.