КОТИРОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОТИРО́ВКА (фр. coter – номерлөө, эн салуу) – биржада же рынокто чет элдик валютанын, баалуу кагаздын курсун же товардын баасын коюу. Котировка актив түрүнө карата валютанын алмаштыруу курсун, баалуу кагаздардын наркын, кредит үчүн проценттик үстөгүн, товар же сырьё наркын негиздейт. Котировка биржаларда атайын котировкалоо комиссиясы тарабынан катталып, биржа сессиясынын ачылуу-жабылуу нарктары, ошондой эле күндүн максималдуу ж-а минималдуу наркы аныкталат. Котировка соодалашуудагы түзүлгөн конъюнктураны, сунуш ж-а талап катышын чагылтат. Валюта рыногунда түз ж-а кыйыр котировка болуп айырмаланат. Түз валюта котировкасында чет элдик валюта бирдиги улуттук м-н, кыйырында улуттук – чет элдик м-н көрсөтүлөт.