КООМ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООМ АРАЛДАРЫ (О las de la Socittt), Ж о л­ д о ш т у к а р а л д а р ы – Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,6 миң км2 (эң ириси – Таити). Жанартоодон пайда болгон. Бийиктиги 2241 мге чейин (Таити аралында). Нымдуу тропик токою басымдуу. Тропиктик дыйканчы­лык өнүккөн, балык кармалып, бермет чогул­тулат. Административдик борбору – Папеэте (Таити аралында).
Лондон король коомунун атынан аталган.