КОМАНДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМА́НДА с п о р т т у к – мелдешке катышуу­чу өлкөнүн, шаардын ж. б. бирдиктүү клуб, коом спортчуларынын тобу. Команданын саны спорт­тун түрү ж-а мелдеш жөнүндөгү жобо боюнча аныкта­лат. Ар бир командада жетекчи болот. Ал команданын тар­тибине жооп берет, чүчү кулак кармаганга, ка­лыстар коллегиясынын жыйынына катышат. Машыктыргыч түздөн түз команданын мелдешке даяр­дыгына жоопкер болот. Курама командада бир нече машыктыргыч (бири негизги) болушу мүмкүн. Ар бир команда ачык добуш м-н өз капитанын шай­лайт, ал таймаштын жүрүшүндө аянттагы оюн­чулардын аракетине жетекчилик кылат. Айрым учурда капитан команданын өкүлчүлүк милдетин да аткарат.