ИНДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́НДИЯ УЛУТТУК КОНГРЕССИ (ИУК)Индиядагы эң ири саясий партия. 1885-жылы де­кабрда түзүлгөн. 1907-жылдан ал «аша чабуу­чулар» жана «ортозаарлар» болуп экиге бөлүнүш­көн. Б. Тилак башында турган «аша чабуучу­лар» бийликке улуттук-боштондук күрөштүн натыйжасында жетүүнү көздөшсө, «ортозаар­лар» ага колониялык бийлик менен жакындашуу аркылуу акырындап ээ болуу керек деген пи­кирди жетекчиликке алышкан. 1916-жылы «аша чабуучулар» өз уюмун бекемдей албагандан ки­йин, ИУКка кошулууга аргасыз болгон. Индия­дагы улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн мез­гилде (1918–22) ИУК жалпы элдик партияга айланган. ИУКтун программасынын негизин гандизмдин принциптери түзгөн. Башында М. К. Ганди турган ИУК өзүн өзү башкарууга «тынчтык жана мыйзам жолу менен жетүү керек» деп жарыялаган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде ИУК антиимпериалисттик кыймылга жетекчи­лик кылган. Согуш аяктагандан кийин Улуу Британия Индияга көз карандысыздыкты берүү­гө аргасыз көнгөн. Ага дүйнө жүзүндөгү улут­тук-боштондук кыймылынын күчөшү жана ИУКтун чечкиндүү күрөшү себеп болгон. Индия көз карандысыз мамлекетке айлангандан (1947) ки­йин ИУК башкаруучу партия болуп таанылган.
Көз карандысыз Индияда ИУК Ж. Неру башын­да турган (1947–64) өкмөттү түзүп, 1948-жылы аг­рардык, административдик реформалар турмушка ашырыла баштаган. 50-жылдардын башында ИУКтун ичинде пайда болгон ар түрдүү агымдар менен топ­тордун күрөшү күчөгөн. Ж. Неру өлгөндөн ки­йин партияда «оңчул» агым күч алган. 1969- жылдын аягында ИУК экиге бөлүнүп, бийлик­ке И. Ганди келген жана 1971-жылдагы парла­ментке кезексиз шайлоодо демократиялык күчтөрдүн колдоосу менен ИУК жеңишке ээ болгон. 1977-жыл­дагы шайлоодо ИУКтун бир катар жетекчилери (И. Ганди) парламентте жеңишке ээ болбой кал­гандыктан, М. Десан башында турган жаната партиясы шайланган. 1980-жылдагы шайлоодон кийин ИУК жетекчилери кайрадан бийликке келген. 1980 – 84-жылдарда И. Ганди, 1984–91-жылдарда Р. Ган­ди, 1991-жылдан Н. Рао.

Ад.: Девяткина Т. Ф., Индийский национальный конгресс (1947–64). М., 1970.