ЗЕРГЕР ТООСУ
ЗЕРГЕР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Зергер жана Доңуз-Суу сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн районунун аймагында. Туурасы 7–8 км. Орточо бийиктиги 1700–2000 м, эң бийик жери 2186 м. Кыры тайпак, түштүк-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түндүк-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь жана юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гравелит, жапызыраак түштүк-батышы бор мезгилинин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Талаа (1600 мге чейин) жана андан жогору шалбаалуу талаа, шалбаалуу жаңгак токою, ландшафт алкактары басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбасы бар.