ОРГАНИКАЛЫК ХИМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГАНИКАЛЫК ХЙМИЯ - көмүртек бирикме­лерин изилдөөчү илим. Бирок көмүртектин кээ бир бирикмелери, мисалы, көмүртек кычкылдары, көмүр кислотасы жана анын туздары, металл кар­биддери, көмүртектин ар түрдүү аллотропиялык формалары органикалык эмес химия курсунда каралат. Көмүртек башка бардык элементтер­ден айырмаланып, бири-бири менен байланышып, түз, тармактуу жана циклдүү чынжырчаларды пайда кылат. Көмүртек атомдорунун ортосунда жөнөкөй, кош жана үчтүк байланыштар болот. Демек, жалгыз гана көмүртек бирикмелери баш­ка бардык элементтердин (суутекти кошпoroн­до) бирикмелеринин суммасынан алда канча көп. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын, башкача айтканда тирүү ор­ганизмдердин негизги курамы көмүртек бирик­мелеринен тургандыктан, аларга «органикалык заттар» деген ат берилген. Органикалык заттардын пайда болу­шунда көмүртектен башка суутектин мааниси да зор. Азыр белгилүү болгон 6 млнго жакын органикалык бирикменин 500-600үнүн гана курамында суутек атому жок. Демек органикалык заттардын неги­зин С менен Н2нин бирикмелери түзөт. Алар кө­мүртектүү суутектер же углеводороддор деп ата­латынча Бардык органикалык бирикмелер ациклдүү, карбо­циклдүү жана гетероциклдүү болуп үч негизги класска бөлүнөт. Ациклдүү бирикмелерге ачык чынжырлуу углеводороддор жана алардан алын­ган заттар, карбоциклдүү бирикмелерге цикли көмүртек атомдорунан гана турган углеводород­дор жана алардын туундулары тиешелүү. Гетеро­циклдүү бирикмелердин циклинде көмүртек атомдорунан башка О, И, 8, Р, сыяктуу эле­менттер болот. Азыркы мезгилде синтез жолу менен циклде жогорку элемменттерден башка ва­ленттүүлүгү экиден кем эмес бардык элементтер­дин гетероциклдүү бирикмелери алынган. Органикалык заттарга табиятта тараган нефть, көмүр, күйүүчү сланецтер, табигый каучук, тирүү организмге эң керек углеводдор, белоктор, гормондор, нукле­ин кислоталары, витаминдер, алколлоиддер тиешелүү.

О. х. өз алдынча илим болуп 19-к-дын башын­да гана бөлүнүп чыкты. Бирок, органикалык заттар адам баласына байыркы заманда эле белгилүү болуп, тиричилигинде колдонгон. Биздин заманга чейинки эле адамдар камыштан кантты, жүзүмдүн ширесин ачытуу­дан спиртти, өсүмдүктүн курамынан боёкторду алуу жолдорун билишкен; өсүмдүк жана жаны­бар майларын пайдаланышкан. «0. х.» терми­нин 1-жолу швед окумуштуусу И. Я. Берце­лиус 19-к-дын башында киргизген. 1822-23-ж. немис химиги Ф. Вёлер жана фр. химик Ю. Ли­бих изомерия кубулушун ачкан. 1828-жылы Ф. Вё­лер 1-жолу козу кулак кислотасы менен мочевинаны органикалык эмес заттардан синтездеп алган. 1842-жылы орус окумуштуусу Н. Н. Зинин нитробензолду калы­бына келтирүүдөн анилинди, 1845-жылы немис химиги А. Кольбе уксус кислотасын, 1854-жылы фр. химик П. Бертло майлар классына, 1861-жылы А. М. Бутлеров канттар катарына кирген зат­тарды синтездеп алышкан. Булардын бардыгы ошол мезгилде үстөмдүк кылган «витализм» («У11а»-тиричилик) теориясын жокко чыгарыш­кан. 0. х-да теориялык түшүнүктөр, радикалдар тео­риясы (Либих, Вёлер ж. б.) пайда болгондон баштап өнүгө баштады. Бул теория бир моле­куладан экинчи молекулага өзгөрбөй өткөн органикалык бирикмелердеги атомдордун топторуна (радикал­дар) негизделген. Андан кийин типтер теория­сын түзүшкөн. Бул теория органикалык заттарды жөнөкөй органикалык эмес бирикмелерге окшоштуруп класстарга бөлгөн. Мисалы, спирттер - суу, амин­дер - аммиак, галогеналкилдер хлордуу суутек тибиндеги бирикмелер деп эсептелген. Кийин­черээк Ф. Кекуле метан тибин сунуш кылып, ага чектүү углеводороддор тиешелүү болгон. Де­мек, бул теория органикалык бирикмелерди класстарга бөлүп, азыркы классификациянын негизин түзгөн. 1853-жылы Е. Франкленд валенттүүлүк жөнүндөгү түшүнүктү киргизген. 1861-жылы А. М. Бут­леров органикалык заттардын түзүлүш теориясын су­нуш кылган. Бул теория боюнча молекуланы пай­да кылган атомдор молекулада баш аламан эмес, валенттүүлүктөрү боюнча белгилүү бир тар­типте жайгашышат. Теория 0. х. илиминин андан ары өсүшүнүн негизин түзгөн. Азыр бул теория эки багытта стереохим. (мейкиндик) те­ория жана электрондук теория болуп, өнүгүп келе жатат.

Ад.: Чичибабин А. Е. Основные начала органической химии. 5-е изд. Т. 1-2, М., 1953-57; Перекалин В. В„ Зонис С. А. Органическая химия. М., 1982. Адылов С. А„ Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003. С. Адылов.