ОПИСТОРХОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПИСТОРХОЗ (Оргз^йогсЬозгз) - жырткыч ай­банаттардын (көбүнчө эт менен азыктануучу, мисалы, мышык, ит, түлкү, булгун ж. б.) гельминттер пайда кылуучу ылаңы. О. менен адам да ооруйт. Боор менен уйку бези бузулат. Ылаңды ОрхнЧюгсЫз Гейпеив (узундугу 4-13 мм) жалпак курту козгойт. Курт организмде чийки, чала туздалган же чала кургатылган балык менен азыктанган кезде пай­да болот. Ыландын белгилери: айбанаттын жүнү саксайып, курсагы өтө чоңоюп кетет; башын шылкыйтып отура берет, эт азыгын көргөндө гана кыймылдайт. Дарылоо: тууралган этке гек­сахлор-параксилол (хлоксил) препаратын ко­шуп берүү. О-дон сактануу үчүн айбанатка чий­ки карп балыгын бербөө керек.