ОПЕРОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРОН (латынча орегог - иштеп, кыймылдап атам), транскриптон, скриптон­инфор. РНКнын бир молекуласындагы белок­репрессордун жөнгө салуусу менен­транскрипция- лануучу генетикалык материалдын бөлүгү. О. концеп­циясын 1961-жылы фр. микробиологдору Ф. Жа­коб жана Ж. Моно зат алмашуу процесстеринде тирүү клеткада пайда болгон арабөк заттарда (метаболиттерде) клетканын керектөөсүнө жа­раша тигил же бул гендердин «кошулуу» жана «чыгарылуу» кубулуштарын түшүндүруүдө иш­теп чыгышкан. Бул метаболиттердин синтез­делиши ушул гендер аркылуу жөнгө салынат. О-дук жөнгө салуу башкача айтканда транскрипциянын дең­гээлинде жөнгө салуучу негизги механизми бо­луп саналат.