ОПЕРА КОМИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРА КОМИК (фр. opera сопп^ие - комедия­лык опера) - комедиялык операнын Франция­да калыптанган түрү. О.-к. 17-к-дагы элдик кө­чүп жүрүүчү театрлардын оюн-зоокторунда кезик­кен. О.-к-ке көбүнчө сатиралык мүнөздөгү сце­наларды коюу, ак сөөктөр театрларындагы опе­раларды тууроо мүнөздүү болгон. Бара-бара ал оюндардын мазмуну терендеп, көркөмдүк деңгээ­ли жана музыкалык мааниси өскөн. Композитор Ж. Ф. Рамо, Т. Муре ж. б. О. к. жанрында эмгектенишкен.