ОПЕКУШИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕКУШИН Александр Михайлович [16 (28). 11. 1838, азыркы Ярославль обл. Свечкин кыш. - 4. 3. 1923, Ярославль обл., Рыбница кыш.] - орус скульптору. Петербург сүрөт академиясы­нын анык

мүчөсү (1895) Пе­тербургда Д. И. Иенсендин скульптуралык өнөркана­сында жана Сүрөтчүлөрдү сый­лоо коомунун сүрөт мекте­бинде окуган. М. О. Мике­шиндин долбоору боюнча Нов­городдо «Россиянын миң жылдыгы» (1862) жана Пет­роградда Екатерина Пнин (1873) эстеликтерин тургу­зууга катышкан. Көрүнүктүү эмгектери: А. С. Пушкиндин (Москва, 1880; Петербург, 1884), К. М. Бэрунун (Тарту, 1886), М. Ю. Лермонтовдун (Пятигорск, 1889) эсте­ликтери.