ООЛИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООЛИТТЕР— темир менен марганец кычкылы, кальций, доломит, арагонит, родохрозит, леп­тохлорит ж. б. минералдардан турган шар же эллипсоид түрүндөгү түзүлүштөр. О-дин борбо­рунда майда бүртүк же үлүл сыныкчасы болуп, чөгүндү материал анын тегерегинде улам жука кабатчаны пайда кылат. О-дин көлөмү бир нече лгклгдан 15-25 лглгге жетет. О. деңиз суусунда жана жылуу булактарда коллоид-химия, биохим. процесстердин натыйжасында пайда болот. Те­мирлүү О. - темир кенташтары.