ООДАРЫШ
ООДАРЫШ, э ң и ш - улуттук ат спорту; ат үстүндөгү мелдештин бир түрү. О. 1958-жылдан бүткүл союздук ат спорту мелдешинин программасына кирген. О. көчмөн турмушта жашап, малчылык менен кесиптенишкен элдерде, анын ичинде кыргыздарда кеңири тараган. Мелдештин максаты - эки балбан бири-бирин ат үстүнөн оодарып, тартып же түртүп жерге түшүрүү. Мелдешке күчтүү, ден соолугу чың 19 жаштан жогору жигиттер катышат. Ат элпек башкарылуучу, күчтүү болушу абзел. Ар бир кармашуу 10 мин- га созулуп, ортодо 1 мин тыныгуу болот. 0. диаметри 45 жден кем болбогон тегиз аянтчада өткөрүлөт. Балбандар 5 салмак боюнча катышат:

50 кгга чейин - эң жеңил салмак, 60 кгга чейин - жеңил салмак, 70 тсгга чейин - орто салмак, 80 кгга чейин - орто оор салмак, 80 тсгдан жогору - оор салмак. Мелдешке балбан калың шым, өтүк кийип, жоолук, кур байланып түшөт. Катышуучулардын бирөөсүнүн кийиминде, ат жабдыктарында кемчилик байкалса, кармашуу токтотулуп, аны тартипке келтирүүгө 5 мин убакыт берилет. О-та жеңиштин эки түрү бар: аттан оодарып түшүрсө (атаандашынын денесинин кайсы гана мүчөсү болбосун жерге тийген учурда оодарылып түштү деп эсептелет) - таза жеңиш; кармашууда артыкчылык кылса - упай боюнча жеңиш. Упай саны бирдей болгондо кармашуу тең чыгат. О-та спорттук 3 разряд белгиленген.