ОЛИГОТРОФТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИГОТРОФТОР (олиго... жана грекче 1горЬе - азык) - азык зат консент-сы аз чөйрөдө өөрчүүчү организмдер (өсүмдүктөр, микроорганизмдер). Минералдык азыктануу элементтери аз топурак­та өсүүчү өсүмдүктөргө сфагнум мамык чөбү, кээ бир саз өсүмдүктөрү, бадалчалар (багульник, ве­реска ж. б.), ошондой эле кунарсыз гүлдүү топуракта өсүүчү кургак талаа жана жарым чөл өсүмдүктөрү кирет. Олиготрофтуу микроорганизмдер, демейде органикалык кислоталарды жана спирттерди азык катары пай­даланат.