ОКЧОНТОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЧОНТОЙ - ок-дары салынуучу баштыкча. 0. булгаарыдан, кайыштан, шириден жапкактуу баштык түрүндө жасалып, курга 2-3 жеринен бекитилчү тайыз илгичтүү, бети оймо-чийме, жез, күмүш, алтын менен асемделип кооздолгон. Ок-дарыны төгүп же чачып албас үчүн О-дун капкалдырыгы бөлөк жасалган. Капкалдырык ок-дарыны жаандан, кардан сактаган. Кыргыз­дар саадакты да 0. деп аташкан.