ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ - билим берүүнү ка­лыптандыруу, жөндөмдүүлүктү арттыруу үчүн мугалим жүргүзгөн иштин ыгы жана жолу. Би­лим берүүнүн максаты жана мазмунунун өзгөрүшү менен О. м. да өзгөрөт. Я. А. Коменский окутуу­нун сөзчүл-көрсөтмөлүү (словесно-наглядный) методикасына негиз салган. 0. менен өркүндөтүүгө К. Д. Ушинский зор салым кошкон. Ал окуу­чулардын иш аракетин күчөтүүгө, логикалык ойломун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурган. Коомдун өнүгүшү менен билим алууда окуучулар­дын өз алдынча иштешине чоң маани берилген. Бирок анын теориялык негиздери жеткиликтүү иш­телген эмес. Улуу Октябрь революциясынан (1917) кийин педагогдор буга чейинки окутуунун сөз­чүл-догмалык методикасын сындашкан. Педагогикалык максатка ылайык окутуунун түрдүү ыкмаларын (билимди ырааттуу баяндоо, окуу китеби менен иштөө, жазуу иштери, тажрыйба жүргүзүү, экс­курсия ж. б.) колдонуунун зарылдыгын көр­сөткөн. Билим алуунун башкы булактары - мугалимдин сөзү жана окуу китеби. Кубулуштар­ды жана ар кандай нерселерди кабылдоо да би­лим алуунун ажырагыс бөлүгү. Окутуунун түрдүү ыктары даяр билимди өздөштүрүүдө гана эмес, аны андан ары өркүндөтүүдө, колдоно билүүдө пайдаланылат. Заманбап техникалык каражаттарды (кино, телерадио, компьютер, ноутбук ж. б.) кол­донуу О. мененын өнүгүүсүн арттырат. Окутуунун тигил же бул ыгын, түрүн тандап алуу конкрет­түү дидактикалык маселеге, үйрөнүлчү материал­дын мазмунуна, окуучулардын билим деңгээли­не, көрсөтмө куралдардын бар-жоктугуна бай­ланыштуу болот.