ОКТАВА
ОКТАВА (латынча ос!ауа - сегизинчи) - 1) а д - т т а аЪаЪаЬсс түрүндө уйкашкан, 8 саптан турган строфа. Ренессанс поэзиясында итал., испан, португал эпосторунда (Т. Тассо, Л. Камоэнс), 19- к-да лирикалык жана ирониялык поэзияда (Ж. Байрондун «Дон Жуанында», А. С. Пушкиндин «Күз» деген ырында) колдонулган; 2) м уз ы к а д а акустикада жы.штык интервалынын бирдиги; 3) музыкалык интервалдын бири; 4) диатоникалык музыкалык добуш катарынын 8-баскычы; 5) музыкалык түзүлүштүн бардык 12 добушу кирген музыкалык добуш катарынын бир бөлүмү. Добуш катары 7 толук жана 2 толук эмес 0-ны камтыйт. Алар (төмөндөн жoroру): субконтроктава (жогорку үч добушу гана бар - ля, си-бемоль жана си), контроктава, чоң О., кичине О., 1-0., 2-0., З-О., 4-0., 5-0 (төмөнкү бир до добушу бар).