ОЙ КАЙЫҢ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙ-КАЙЫҢ ТООСУ - Жумгал кырка тоосунун түштүк-батыш тармагы. Ой-Кайың, Көкөмерен, Миң-Теке, Чет-Кууганды, Орто-Кууганды суула­ры (Жумгалдын оң куймалары) менен чектешет. Узундугу 36 км, туурасы 20 км. Орт. бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4273 м. Тоонун түштүк-батыш бөлүгүңүн кыры кууш, аскалуу, кокту-колоттуу келип, Кызыл-Ойду караган тик капталы тоо тектеринин сыныктары жана эшилме кумдар менен капталган. Түндүк-чыгышында мөңгүлөр бол­гон, байыркы түздүктөр Жумгал ойдунуна ка­рай жантайыңкы, айрым жеринде жалама ас­калар кездешет; капталдары капчыгайлуу. Тоо­нун ортонку бөлүгү бийик, тегерегиндеги суу өрөөндөрүнөн салыштырмалуу бийиктиги 1800- 2000 м. Чоң-Боронду (3800 м), Жол-Боронду (3780 м), Миң-Теке (3104 м), Ой-Кайың (3401 м) ашуулары бар. Түндүк-батышы филлит, кумдук, алевролит, ортонку бөлүгү гранит, түндүк-чыгы­шы базальттуу жана андезит-базальттуу

порфи­рит, туф, туф-конгломерат тектеринен турат. Тоого талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадал, токой аралашкан шалбаалуу-талаа, айрым жерде субальп шалбаасы (3000-3600 м), андан жогору альп зоналары мунөздүү. Жайыт; шал­баалары чабынды.