Н ТАМГАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Н ТАМГАСЫ — латын, кирилл графикасын колдонгон элдердин, анын ичинде кыргыз алфавитиндеги он бе­шинчи тамга. Азыркы кыргыз тилиндеги уч­чул, жарылма, уяң, тишчил «н» үнсүз тыбы­шын туюнтат. Адегенде байыркы финикия жаз­масында жаралып, кийин байыркы грек гра­фикасы аркылуу латын алфавитине, андан ки­риллицага өткөн.