НУКЛЕОТИДДЕР
НУКЛЕОТИДДЕР, нуклеозид фосфатт а р - нуклеин кислоталары, кофермент ж. б. биол. активдүү заттарды түзүүчү бирикмелер. Н-дин ар бири азоттуу негизден (пурин же пиримидин), углеводдон (рибоза же дезоксирибоза) жана фосфор кислотасынын калдыгынан түзүлөт. Н-дин эки калдыгынан турган бирикме - динуклеотиддер, бир нечеден турса - олигонуклеотиддер, көп сандан тургандар полинуклеотиддер деп аталат. Н-дин эң маанилүүсү - аденазинтрифосфор кислотасы (АТФ) - энергия булагы; уридиндифосфор кислотасы (УДФ) углевод алмашууга, цитодинфосфат (ЦДФ) май алмашууга, гуанозиттрифосфат (ГТП) белок биосинтезине катышат. Организмде Н. аминк-талардан ж. б. жөнөкөй бирикмелерден синтезделет. Н. табиятта байланышкан түрдө нуклеин кислоталарынын (РНК жана ДНК) жана эркин түрүндө кээ бир организмдердин курамында кездешет.