НОКТЮРН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОКТЮРН (фр. nocturnes - түнкү) - музыкалык чы­гармалардын түрү. 18-19-к-дын башында кас­сацияга жана аспаптык серенадага жакын дивер­тисмент түрү. Н. деп аталган көп бөлүктүү чы­гарма катары үйлөмө жана кылдуу аспаптар үчүн жазылып, адатта түнкү бейкутчулук маалда сыртта аткарылган. Элегиялык маанайдагы Н-ду Ж. Филд жазган. Композитор Ф. Шопен 21 Н. жазып, мазмундуу табылгалары менен жанр­ды өркүндөткөн. Н-га Р. Шуман, И. Гуммель, К. Дебюсси, М. Регер ж. б. кайрылышкан. Орус музыкасында Н-дун үлгүлөрүн М. Глин­ка, А. Бородин, А. Скрябин жазган.