НОВОРОССЙИСК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НОВОРОССЙЙСК - Россиядагы баатыр-шаар. Краснодар крайында. Кара деңиздин тоңбогон Цемес колтугунун боюндагы порт. Калкы 229,0 миң (2010). Т. ж. бекети. Цемент, машина
куруу, металл иштетүү, тамак-аш-татымал ө. ж. ишканалары иштейт. Мамлекеттик деңиз академиясы, тарыхый-край таануу музейи бар. Шаар 1838-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согушта немистик фашисттер менен айыгышкан катуу салгылаш болгон. Мысхако тумшугу («Кичи Жер») аймагында мемориал ансамбль тургузулган.