НИЯЗОВ Абилезим

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЯЗОВ Абилезим (2. 1. 1929-жылы туулган, азыркы Чүй обл., Ысык-Ата району, Эпкин айылы) - ал­гачкы диктор. Кыргыз ССРинин маданиятына эмг. сиң. ишмер (1979), СССР телерадиосунун (1977) жана Кыргыз телерадиосунун отличниги (1980). 1944-жылы 6 айлык мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, Эпкин айылындагы толук эмес орто мектепте мугалим, 1954-93-ж. (39 жыл) кыр­гыз радиосунда жогорку категориядагы диктор болуп эмгектенген. Насаатчы катары ондогон дикторлорду тарбиялаган.